IQOS ILUMAдан SMARTCORE INDUCTION SYSTEM™ технологиясы
IQOS ILUMA (айкос илюма) – SMARTCORE INDUCTION SYSTEM™ технологиясына негизделген революциялык түзүлүштөрдүн линейкасы. Бул инновациялык индукциялык система: IQOS ILUMA үчүн атайын иштелип чыккан TEREA (терея) тамеки стиктеринде мурунку IQOS моделдеринен айырмаланып, тамекини мизсиз ысытууга мүмкүндүк берген ысыткыч элементи бар.
Түзмөктө тамекинин калдыктары жок, демек тазалоонун да кереги жок. IQOS ILUMA технологиясы жаңы колдонуу тажрыйбасын камсыз кылат жана тамекинин чыныгы даамын ачып берет*.
*2020-жылдын ноябрынан 2021-жылдын мартына чейин 714 IQOS колдонуучусу катышкан Италия менен Японияда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде.
Прогрессивдуу технология
IQOS ILUMAда тамеки SMARTCORE INDUCTION SYSTEM™ жаңы технологиясын колдонуу менен ысытылат. Түзмөктө ысытуучу элементтин жоктугу жана инновациялык дизайны девайстын ичине тамеки стиктерин жайгаштырууну жеңилдетет. Дат баспас болоттон жасалган ысытуучу элемент эми атайын TEREA (терея) тамеки стиктеринин ичинде жайгашкан.
Бул инновация колдонуучуга жеңил жана жакшыртылган тажрыйбаны жана түзмөктө тамекинин калдыктары жок же тазалоонун зарылдыгы жок каныккан даамын камсыз кылат.
Жогорку ишенимдүүлүк
IQOS ILUMA тамекини күйгүзбөй анын чыныгы даамын сезүүгө мүмкүндүк берет. Бирок, мурунку IQOS моделдеринен айырмаланып, IQOS ILUMAнын SMARTCORE INDUCTION SYSTEM™ технологиясы TEREA тамеки стиктеринин ичиндеги металл элементтин жардамы менен тамекини ысытат. Ошентип, IQOS ILUMA линейкасында түзмөктүн ичинде миз жок жана мурунку IQOS моделдерине салыштырмалуу ал ишенимдүү болуп саналат**.
**Текшерүүчү тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча, 2021-ж.
IQOS ILUMAдан жаңы SMARTCORE INDUCTION SYSTEM™ технологиясы кандай иштейт?
Жаңы IQOS ILUMA - индукциялык ысытуу технологиясын камтыган биринчи IQOS модели. Тамеки стигинин ичинде ысытуучу элемент бар болгондуктан түзмөктө миз колдонулбай калды. Түзмөктө тамекинин калдыктары жок, демек тазалоонун да кереги жок. SMARTCORE INDUCTION SYSTEM™ инновациялык ысытуу технологиясы жаңы TEREA тамеки стиктеринин ичиндеги ысыткыч элементтин жардамы менен тамекини ысытууга мүмкүндүк берет. Бул тамеки стиктерин IQOS ILUMA PRIME, IQOS ILUMA жана IQOS ILUMA ONE түзмөктөрү менен гана колдонсо болот.
IQOS ILUMA тамекини ысытуунун жөнөкөй ыкмасын сунуштайт. Мунун баары тамекинин чыныгы даамын күйүүсүз, түтүнсүз, күлсүз жана тазалоону талап кылбастан берүүгө мүмкүндүк берет.