Бир нече жөнөкөй кадамдарды аткаруу менен жаңы IQOS ILUMA PRIME түзмөгүңүздү колдонуп баштаңыз
- Биринчи колдонуудан мурда кубат блогу жана кубаттооочу кабелдин жардамы менен түзмөктү толук кубаттаңыз (чамалуу 135 мүнөт). Түзмөктүн кубат деңгээлин текшерүү үчүн IQOS ILUMA PRIME түзмөгүңүздөгү баскычты басыңыз. Эгерде кубат деңгээли төмөн болсо, заряддагычты өндүрүүчү уруксат берген кубаттоочу блокту колдонуп, кубаттаңыз.
- Кубаттагычты ЖАНДЫРУУ/ӨЧҮРҮҮ үчүн анын жогору жагындагы баскычты төрт секунда басып туруңуз. Андан кийин канча сеанс бар экенин көрүү үчүн IQOS ILUMA PRIME кармагычындагы абал индикаторлорун текшериңиз. Эки жарык күйүп турса, аппарат толук заряддалганын билдирет (эки сеанска даяр). Бир жарык күйүп турса, аппаратты бир жолу колдонсо болот дегенди билдирет. Эгерде индикаторлор күйбөй турса, бул кармагычты кубаттоо керек дегенди билдирет.
- Ысытылуучу табак стигин видеодо көрсөтүлгөндөй кылдаттык менен салыңыз. Ысытылуучу табак стиги кармагычка салынганда, автоматтык түрдө ишке киргизүү функциясы активдештирилет. Автоматтык түрдө ишке киргизүү функциясы өчүрүлгөн болсо, сеансты баштоо үчүн кармагычтагы баскычты бассаңыз болот. Бир дирилдөө жана индикаторлордун жай бүлбүлдөөсү тамеки стигинин ысып жатканын билдирет. Кош дирилдөө жана күйгөн индикатор(-лор) аппарат колдонууга даяр экенин көрсөтүп турат.
- Эки жолу кайталанган дирилдөө аппараттын иштөө убактысы дээрлик бүтүп калганын билдирет (30 секунда же 2 колдонуу калды). Жөн гана ысытылуучу табак стигин алып салыңыз жана аппаратты кайра колдонуудан мурун жаңы стикти салууну унутпаңыз. Эсиңизде болсун, бир жарык күйгүзүлсө, сизде бир гана сеанс калды, ошондуктан кийинки колдонуудан кийин кармагычты кубаттагычта кубаттоо керек болот.
- Кармагыч кубаттагычта болгондо, эки тегерек индикатор кармагычтын абалын көрсөтөт. Тегерек индикаторлор ак түстө күйсө, бул кармагычтын кубатталып жатканын билдирет. Кубаттоочу түзүлүштөгү күйгөн тегерек индикаторлордун саны (бир же эки) сизге канча сеанс бар экенин көрсөтөт.
IQOS ILUMA PRIMEды кантип заряддоо керек
- Биринчи колдонуудан мурда кубат блогу жана кубатточу кабелдин жардамы менен түзмөктү толук кубаттаңыз (чамалуу 135 мүнөт). Түзмөктүн кубат деңгээлин текшерүү үчүн IQOS ILUMA PRIME түзмөгүңүздөгү баскычты басыңыз. Эгерде индикатор тилкесинин түбү 3 жолу сары түстө күйсө, бул түзмөктүн кубатынын аздыгын билдирет. Кубаттагычты өндүрүүчү бекитилген кубатточу блокту гана колдонуп, кубаттаңыз. Көңүл буруңуз: эгерде аппараттын кубаты толугу менен бүтсө, индикаторлор күйгүчө 20 мүнөткө чейин убакыт кетиши мүмкүн. Бардык абал тилкесинин индикаторлору күйгөндө, бул аппарат толук кубатталгандыгын жана 20 сеанска чейин жеткире аларын билдирет.
- IQOS ILUMA PRIME кармагычындагы абал индикаторлорун текшериңиз. Эгерде эки тегерек индикатор күйсө, түзмөк толук кубатталып, эки жолу колдонууга даяр. Эгерде бир индикатор күйүп турса, түзмөктү бир жолу колдонсо болот. Эгерде астыңкы индикатор үч жолу сары күйсө, бул кармагычты кубаттоо керек дегенди билдирет.
- Ысытуучу табак стигин чыгарып, кармагычты кубаттагычка салыңыз. Кубаттоочу түзүлүштө эки тегерек индикатор кармагычтын кубат деңгээлин көрсөтөт. Күйгөн тегерек индикаторлордун саны (бир же эки) сизге канча сеанс бар экенин көрсөтөт.
Кеңитилген функциялар жана “акылдуу” функциялар
Автостарт
IQOS ILUMA PRIME кармагычы сиз ысытылуучу табак стигин койгондон кийин автоматтык түрдө алдын ала ысытууну баштайт. Бул функция демейки боюнча жеткиликтүү жана веб-тиркеме аркылуу өчүрүлүшү мүмкүн.
Көтөрүү Сеанстардын ортосунда кармагычты көтөрсөңүз, ал канча сеанс калганын көрсөтөт (бир же эки индикатор күйүп турат).
Эки жолу таптоо
Колдонуу учурунда кубаттын деңгээлин текшерүү үчүн кармагычты эки жолу таптаңыз:
3 дирилдөө : 75–50%
2 дирилдөө : 50–25 %
1 дирилдөө : 25% дан аз
Ысытылуучу табак стигин кармагычка кантип коюу керек
IQOS ILUMA PRIME түзмөгүнө TEREA ысытылуучу табак стиктери гана шайкеш келет. Алар бир жолку колдонууга багытталган, колдонулган стикти кайра салбаңыз.
Аккумулятор кубатын сактоо
IQOS ILUMA PRIME кубаттагычын күн сайын кубаттоо - сиздин IQOS түзмөгүңүздүн туруктуу иштешин колдоонуу үчүн эң жакшы жол. Кубаттагычты өндүрүүчү бекиткен кубаттоо блогун гана колдонуп, кубаттаңыз.
Түзмөктү персоналдаштыруу
Веб-тиркемеси аркылуу “акылдуу” функцияларды иштетип/өчүрүп, жарыктык жана дирилдөө сыяктуу кээ бир параметрлерди жөндөй аласыз.
Биз бир нерсени унутуп калдыкпы?
Сиз биз менен бир нече жолдор менен байланышсаңыз болот.
Биздин онлайн-чатыбызга кош келиңиздер
Биздин кардарларды колдоо кызматы менен реалдуу убакыт режиминде байланышыңыз. Биз 10:00дөн 22:00гө чейин күн сайын иштейбиз
Биз социалдык тармактарда баарлашууга ачыкпыз, ошондуктан биз менен байланышуудан тартынбаңыз, биз сөзсүз түрдө сизге жооп беребиз.
Бизге директке жазыңыз
Бул жерден сиз акыркы жаңылыктарды таба аласыз, ал эми биз дайыма расмий Instagram баракчабызда бардык суроолоруңузга жооп берүүгө кубанычтабыз.
Бизге электрондук кат жөнөтүңүз
Бизге жазыңыз. Сиздин сурооңуз көңүл сыртында калбайт.
Биз сизге бир күндүн ичинде жооп берүүгө аракет кылабыз.
Маанилүүсүз суроолор болбойт
Сиздин сурооңуз мурда берилген болушу мүмкүн. Жооп табуу үчүн “Көп берилүүчү суроолор” бөлүмүнө өтүңүз.
Бизге чалыңыз
Тынымсыз байланыштын адистери сизди Кардарларды колдоо кызматы менен байланыштырат. Биз 10:00дөн 22:00гө чейин күн сайын иштейбиз.