Сигарет чегүүгө альтернативалар
Бүгүнкү күндө жашы улуу тамеки чеккендердин тамеки тартуунун ар кандай альтернативалары менен таанышууга мүмкүнчүлүгү бар. Эгер сиз жашы жеткен керектөөчү болсоңуз жана никотин камтыган продуктунун башка түрүнө өтүүнү кааласаңыз, анда төмөнкү маалымат сиз үчүн.
Сигареттерга альтернатива
Тамеки чегүүгө альтернативалардын эки негизги тобу бар: тамеки ысытуу системасы бар түзмөктөр жана электрондук сигареттер.
Тамеки тартууга альтернатива катары тамеки ысытуу системалары
Тамеки ысытуу системасы деген эмне? Аталышында айтып тургандай тамеки күйбөйт, ал ысытылат. Булар тамеки тартууну уланта турган же никотинди камтыган башка өнүмдөрдү колдоно турган жашы улуу тамеки тарткандар үчүн тамекинин түтүнсүз альтернативалары. Мындай түзмөктөрдө майдаланган жана таякча түрүндө пресстелген табигый тамеки колдонулат. Девайска тамеки стиктери орнотулуп, инновациялык технологиялар аларды белгилүү бир, бирок тамеки күйгүдөй жогору эмес температурага чейин ысытат. Сигареттерден айырмаланып, тамеки ысытуу системалары түтүн чыгарбайт.
Тамеки ысытуу системасынын функциясы бар кээ бир түзүлүштөр тышкы ысытуу булагын колдонушат, башкача айтканда, тамеки таякчасы бүт периметри боюнча сырттан ысытылат. Алгач тамеки эмес, тамеки таякчасынын айланасындагы кагаз жылытылат, бул даамга терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
IQOS түзүлүштөрүндө алтын жана платина менен керамикалык ысыткыч мизи (алтын жана платина издери бар миз сымал керамикалык ысыткыч элемент) бар. Тамеки стиктери түзмөккө салынып, тамекини ичинен ысытуучу мизге орнотулат. Мындай жол менен тамеки алгач, андан кийин гана кагаз ысытылат, бул даамдын туруктуулугун камсыз кылат. Ысытуу температурасы Цельсий боюнча 350 градустан ашпайт, бул IQOS түзмөгүнө күйүүсүз, күлсүз жана түтүнсүз чыныгы тамекинин даамын ачууга мүмкүндүк берет.
Электрондук сигареттер - тамеки тартуу үчүн альтернатива
Тамекини ысытуу системаларынан тышкары, тамеки тартуунун башка альтернативалары бар - электрондук сигареттер. Мындай девайстар тамекини колдонушпайт (анткени алар суюк толтургуч менен иштейт) жана тамеки тартуу ритуалын кайталабайт. Электрондук сигареттер суюктуктарды Цельсий боюнча 100дөн 250 градуска чейинки температуранын кеңири диапазонунда ысытууну жана буулантууну камсыз кылат. Суюктук электрондук сигареттин резервуарынан келип, аккумулятор менен иштеген ысытуу элементине тийет. Пайда болгон буу аппараттан мундштук аркылуу чыгат. Ал учурда түтүн жок. Ошондой эле электрондук тамекилерди кээде "вейп" же "вейпинг-системалары" деп коюшат. Алардын кээ бирлеринде толугу менен өзүнө ылайыкташтырылышы мүмкүн болгон ачык резервуары бар. Башка электрондук сигареттерде жабык вейпинг системалары бар: бир жолу колдонулуучу, кайра заряддалуучу, картридждер менен.
Түтүнсүз альтернативалар сигареттерден эмнеси менен айырмаланат?
Түтүнсүз альтернативалар менен сигарет чегүүнүн негизги айырмасы - бул альтернативаларды "түтүнсүз" кылган нерсе: күйүүсүз же тамекини күйгүзүүнүн жоктугу.
Сигарет тартуу үчүн аны күйгүзүш керек. Сигареттин учундагы температура болжол менен 600 °C же андан жогору болушу мүмкүн. Дал күйүү процессинде 6000ден ашык зыяндуу жана потенциалдуу зыяндуу химиялык заттар пайда болот, аларды түтүн менен кошо тамеки тарткан адам жутат.
Электрондук сигареттер жана ысытылуучу тамеки сыяктуу альтернативаларда күйүү такыр болбойт. Электрондук сигареттерде тамеки жок, бул күйүү жок дегенди билдирет.
IQOSтун кадимки сигареттерден артыкчылыгы - түзмөктү колдонгондо күл жана тамекинин түтүнү пайда болбойт. IQOS түзмөгү башка адамдарды, кийимди же эмеректерди күйгүзүп алуу коркунучун да жаратпайт. Ошентип, жашы улуу тамеки чеккендер дагы эле чыныгы тамекинин даамын сезе алышат, бирок тамеки чегүү альтернативасынын бардык кошумча артыкчылыктары менен.
Тамекинин башка түрлөрүн сынап көрүүнү каалаган чоңдор үчүн IQOS түзмөгү тамеки тартууну улантууга анча зыяндуу эмес альтернатива болуп саналат. Маанилүү маалымат: IQOSту колдонуу тобокелдиктерди жок кылбайт.
* "95%га аз" эталондук сигареттин түтүнүнө (3R4F) салыштырмалуу бир катар зыяндуу заттардын (никотинди кошпогондо) деңгээлдеринин орточо төмөндөшүнө туура келет. Бул тобокелдик 95%га төмөндөйт дегенди билдирбейт. Маанилүү маалыматты IQOS.com сайтынан караңыз.