Жаңы IQOS ILUMA кайсы өлкөлөрдө сатылып жатат?
IQOS ILUMA, Philip Morris'тин эң акыркы жана инновациялык түтүнсүз продуктусу Япония, Швейцария, Греция, Кипр, Испания, Италия жана Португалия сыяктуу өлкөлөрдө жеткиликтүү. Революциялык IQOS ILUMA линейкасы мурунку IQOS моделдерине салыштырмалуу сонун колдонуу тажрыйбасын камсыз кылат. Продукт 18 жаштагы жана андан жогорку курактагы тамеки таруучуларга зыяны азыраак альтернатива жок болсо, тамеки чегүүнү же никотин камтыган өнүмдөрдү колдонуунучуларга арналган.
2021: IQOS ILUMAны сатуу Японияда башталган
Японияда IQOS ILUMA сатуунун башталышы чыдамсыздык менен күтүлгөн. Продукт биринчи жолу эксклюзивдүү онлайн пресс-конференцияда көрсөтүлдү. Кийинчерээк, жапон керектөөчүлөр жаңы IQOSту расмий сайтынан сатып алууга мүмкүндүк алышкан.
2022: IQOS ILUMA Испанияда пайда болду
Испанияга IQOS ILUMA 2022-жылдын башында Японияда жана Швейцарияда «Башка деңгээл» деп аталган демилге менен ишке киргенден кийин келди. Инновация, дизайн жана искусство толугу менен жаңы колдонуучу тажрыйбасын түзүү үчүн биригишти.
IQOS ILUMA деген эмне?
IQOS ILUMAдан SMARTCORE INDUCTION SYSTEM™ инновациялык технологиясы тамекини күйгүзбөй аны ичинен ысытат. Технология тамекинин чыныгы даамын сактап, сигаретке* окшош, бирок түтүнсүз жана күлсүз канааттанууну алууга мүмкүндүк берет.
Тамеки стигинин ичинде ысытуучу элемент бар болгондуктан түзмөктө миз колдонулбай калды. Түзмөктө тамекинин калдыктары жок, демек тазалоонун да кереги жок.
Дат баспас болоттон жасалган TEREA (терея) тамеки стиктеринин ичиндеги ысытуу элементи тамекинин күйбөй узакка созулган ысуусун камсыздайт.
IQOS ILUMA өнүккөн функцияларды, дизайндарды жана түстөрдү сунуштайт. Ал эми аксессуарлардын кеңири тандоосунун аркасында түзмөктөрдү сиздин табитиңизге ылайыкташтырууга болот.
*2020-жылдын ноябрынан 2021-жылдын мартына чейин 714 IQOS колдонуучусу катышкан Италия менен Японияда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн
IQOS ILUMA Кыргызстанда качан пайда болот?
Кыргызстанда жаңы түзмөккө кызыгуу абдан жогору. Компаниянын жаңы иштелмелерине кызыккан Кыргызстандагы жашы жеткен тамеки чеккендер бир аз күтүшү керек.Учурда Кыргызстанда IQOS ILUMA сатуунун башталышынын так датасы жок, бирок IQOS коомчулугун келечекте көптөгөн жагымдуу сюрприздер күтөт деп ишендиребиз.
Учурдагы бардык жаңылыктарды расмий сайттан жана @kyrgyzstan_iqos Instagram баракчасынан билсеңиз болот.