Бир нече жөнөкөй кадамдарды аткаруу менен жаңы IQOS ILUMA түзмөгүңүздү колдонуп баштаңыз
- Биринчи колдонуудан мурда кубат блогу жана кубаттоочу кабелдин жардамы менен түзмөктү толук кубаттаңыз (чамалуу 135 мүнөт). Аккумулятордун кубат деңгээлин текшерүү үчүн IQOS ILUMA кубаттагычындагы баскычты басыңыз. Эгерде кубат деңгээли төмөн болсо, кубаттагычты өндүрүүчү бекитилген кубаттоочу блокту колдонуп, кубаттаңыз.
- Кубаттагычты ЖАНДЫРУУ/ӨЧҮРҮҮ үчүн анын жогору жагындагы баскычты төрт секунда басып туруңуз. Андан кийин канча сеанс бар экенин көрүү үчүн IQOS ILUMA кармагычындагы абал индикаторлорун текшериңиз. Эки жарык күйүп турса, аппарат толук кубатталганын билдирет (эки сеанска даяр). Бир жарык күйүп турса, аппаратты бир жолу колдонсо болот дегенди билдирет. Эгерде индикаторлор күйбөй турса, бул кармагычты кубаттоо керек дегенди билдирет.
- Ысытылуучу табак стигин видеодо көрсөтүлгөндөй кылдаттык менен салыңыз. Ысытылуучу табак стиги кармагычка салынганда, автоматтык түрдө ишке киргизүү функциясы активдештирилет. Автоматтык түрдө ишке киргизүү функциясы өчүрүлгөн болсо, сеансты баштоо үчүн кармагычтагы баскычты бассаңыз болот. Бир дирилдөө жана индикаторлордун жай бүлбүлдөөсү тамеки стигинин ысып жатканын билдирет. Кош дирилдөө жана күйгөн индикатор(-лор) аппарат колдонууга даяр экенин көрсөтүп турат.
- Эки жолу кайталанган дирилдөө аппараттын иштөө убактысы дээрлик бүтүп калганын билдирет (30 секунда же 2 колдонуу калды). Жөн гана ысытылуучу табак стигин кармагычтан алып салыңыз жана аппаратты кайра колдонуудан мурун жаңы стикти салууну унутпаңыз. Эсиңизде болсун, бир жарык күйгүзүлсө, сизде бир гана сеанс калды, ошондуктан кийинки колдонуудан кийин кармагычты кубаттагычка кубатташыңыз керек болот.
- Кармагыч кубаттагычта болгондо, эки тегерек индикатор кармагычтын абалын көрсөтөт. Тегерек индикаторлор ак түстө күйсө, бул кармагычтын кубатталып жатканын билдирет. Кубаттоочу түзүлүштөгү күйгөн тегерек индикаторлордун саны (бир же эки) сизге канча сеанс бар экенин көрсөтөт.
IQOS ILUMAны кантип кубаттоо керек
- Кубаттагычтын кубат деңгээлин текшерүү үчүн IQOS ILUMA кубаттагычындагы баскычты басыңыз. Эгерде индикатор тилкесинин түбү 3 жолу сары түстө күйсө, бул кубаттоонун аздыгын билдирет. Кубаттагычты өндүрүүчү бекиткен кубаттоочу блокту гана колдонуп, кубаттаңыз. Көңүл буруңуз: эгерде аппараттын кубаты толугу менен бүтсө, индикаторлор күйгүчө 20 мүнөткө чейин убакыт кетиши мүмкүн. Бардык индикаторлор күйүп турганда, бул түзмөк толук кубатталып, 20 сеанска чейин камсыздай алат дегенди билдирет.
- IQOS ILUMA кармагычындагы абал көрсөткүчтөрүн текшериңиз. Эгерде эки тегерек индикатор күйсө, түзмөк толук кубатталып, эки сеанска даяр. Эгерде бир индикатор күйүп турса, түзмөктү бир жолу колдонсо болот. Эгерде астыңкы индикатор үч жолу сары күйүп кетсе, бул кармагычты кубаттоо керек дегенди билдирет.
- Ысытылуучу табак стигин чыгарып, кармагычты кубаттагычка салыңыз. Кубаттоочу түзүлүштөгү эки тегерек индикатор кармагычтын кубат деңгээлин көрсөтөт. Күйгөн тегерек индикаторлордун саны (бир же эки) сизге канча сеанс бар экенин көрсөтөт.
Кеңитилген функциялар жана “акылдуу” функциялар
Автостарт
IQOS ILUMA кармагычы сиз ысытылуучу табак стигин койгондон кийин автоматтык түрдө алдын ала ысытууну баштайт. Бул функция демейки боюнча жеткиликтүү жана IQOS веб-тиркемеси аркылуу өчүрүлүшү мүмкүн.
Көтөрүү Сеанстардын ортосунда кармагычты көтөрсөңүз, ал канча сеанс калганын көрсөтөт (бир же эки индикатор күйүп турат).
Эки жолу таптоо
Колдонуу учурунда заряддын деңгээлин текшерүү үчүн кармагычты эки жолу таптаңыз:
3 дирилдөө: 75–50%
2 дирилдөө: 50–25 %
1 дирилдөө: 25% дан аз
Ысытылуучу табак стигин кармагычка кантип коюу керек
IQOS ILUMA түзмөгүнө TEREA тамак стиктери гана шайкеш келет. Алар бир жолку колдонууга багытталган, колдонулган стикти кайра салбаңыз.
Түзмөктүн кубатын сактоо
IQOS ILUMA кубаттагычын күн сайын кубаттооо - сиздин IQOS түзмөгүңүздүн туруктуу иштешин жана колдоону үчүн эң жакшы жол. Кубаттагычты өндүрүүчү бекиткен кубатточу блокту гана колдонуп, кубаттаңыз.
Түзмөктү персоналдаштыруу
Веб-тиркемеси аркылуу сиз “акылдуу” жаңсоолорду иштетип/өчүрүп, жарыктык жана титирөө сыяктуу кээ бир параметрлерди жөндөй аласыз.
Биз бир нерсени унутуп калдыкпы?
Сиз биз менен бир нече жолдор менен байланышсаңыз болот.
Биздин онлайн-чатыбызга кош келиңиздер
Биздин кардарларды колдоо кызматы менен реалдуу убакыт режиминде байланышыңыз. Биз 10:00дөн 22:00гө чейин күн сайын иштейбиз
Биз социалдык тармактарда баарлашууга ачыкпыз, ошондуктан биз менен байланышуудан тартынбаңыз, биз сөзсүз түрдө сизге жооп беребиз.
Бизге директке жазыңыз
Бул жерден сиз акыркы жаңылыктарды таба аласыз, ал эми биз дайыма расмий Instagram баракчабызда бардык суроолоруңузга жооп берүүгө кубанычтабыз.
Бизге электрондук кат жөнөтүңүз
Бизге жазыңыз. Сиздин сурооңуз көңүл сыртында калбайт. Биз сизге бир күндүн ичинде жооп берүүгө аракет кылабыз.
Маанилүүсүз суроолор болбойт
Сиздин сурооңуз мурда берилген болушу мүмкүн. Жооп табуу үчүн “Көп берилүүчү суроолор” бөлүмүнө өтүңүз.
Бизге чалыңыз
Тынымсыз байланыштын адистери сизди Кардарларды колдоо кызматы менен байланыштырат. Биз 10:00дөн 22:00гө чейин күн сайын иштейбиз.